Президент Жапаров Германия-Борбор Азия саммитине катышат
Президент Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган Германия- Борбор Азия саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Садыр Жапаров Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрөт.
Сапардын алкагында Борбор Азия лидерлеринин Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана немис ишкерлер ассоциациясынын...