Кыргызстан жол үчүн 2 млрд доллардан ашык карыз алган
Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери жолго алынган насыялар жөнүндө маалымат берди.
“30 жылда жалпы 2 млрд 660 млн доллар акча алдык. Анын 2 млрд 300 миллиону насыя, калганы гранттык каражаттар. Жолго чоң сумма жумшалды”, - деди министрдин орун басары.
Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматтарга ылайык, майдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы жалпы 5 млрд 667,63...