Тоолуу Карабак: жарылуудан кийин 100дөн ашык адам дайынсыз болууда
Тоолуу Карабактагы жарылууда каза болгондор акыркы эсептер боюнча 68 киши экени такталды.
Алардын 21инин гана тек-жайы аныкталды. Дагы 105 адамдын дайыны чыкпай жатканын өзүн Тоолуу Карабактын акыйкатчысы атаган Гегам Степанян билдирди. Жабыркагандардын саны 300гө чамалуу.
25-сентябрда Тоолуу Карабактагы Ханкенди (Степанакерт)-Аскеран жолуна жакын жердеги май кампасында жарылуу болгон. Ал учурда аймактан Арменияга жер которуп жаткан адамдар станцияда кезекте турган. Жарылуунун себеби анык эмес.