Мамлекеттик өнүктүрүү банкын Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгаруу сунушталды
Жогорку Кеңештин сайтында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” мыйзам долбоору жарыяланды. Анда былтыр түзүлгөн Мамлекеттик өнүктүрүү банкын Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгаруу сунушталган.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинде, “Банктар жана банк иштери жөнүндөгү” мыйзам жана Улуттук банктын укуктук ченемдери - Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишмердүүлүгүнө колдонулбайт деп айтылат.
Сунушталган долбоорго ылайык, банктын акционери Министрлер кабинети болуп саналат. Мамлекеттик...