Жыл башынан бери казинодон 46 миллион сом салык түштү
Финансы министрлиги 2023-жылдын январь-август айларындагы мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун жарыялады.
Отчетто казинодон 46 млн. 350 миң (46 350 000,00) сом салык түшкөнү жазылат. Букмекер кеңселери жана тотализатор оюндарынан 1 млн. 400 миң (1 400 000,00) сом салык чогулду.
Кыргызстан учурда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган "Гранд казино" гана иштеп жатат. Ал президенттин жакын санаалашы делген Арзыбек Буркановдун жакындарына таандык экенин журналисттер иликтеп чыгышкан. Ачык бюджет сайтындагы маалыматка ылайык...