Кара-Суу базарындагы маселе парламентте көтөрүлдү
Кара-Суудагы базарда иштеген 300дөй соодагердин нааразылыгы боюнча маселе бүгүн 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутаттар Балбак Түлөбаев, Дастан Бекешев, Алишер Козуев жана Таалайбек Сарыбашов соодагерлердин жер тилкелерин тартып алуу коркунучу жаралганын, андайга жол бербөө керектигин, алардын Конституцияда кепилденген менчик укугу бузулуп жатканын айтышты.
“Ал жерде 300 кишини “кызыл китеби” менен боздоткону жатасыңар. Министрлер кабинети сотко берген чечимин кайра алсын.