Тоолуу Карабак: Жарылууда набыт болгондор 120дан ашты
Соңку маалыматтар боюнча Тоолуу Карабактын Степанакерт шаарына чукул жердеги май сактоочу кампада болгон жарылууда набыт болгондорун саны 125ке жетти. Ондогон киши жараат алды, арасында абалы оорлор арбын. Бул тууралуу Армениянын өкмөтү шейшембинин кечинде билдирди.
Жарылуунун себептери азырынча айтыла элек. Талаштуу аймак Азербайжандын карамагына өткөндөн кийин Арменияга жер которууга мажбур болгондордун агымы күчөдү.
Шейшембинин кечинде Армениянын аймагына жер которуп келгендер 28 миңден ашканын Ереван билдирди.