Кемпир-Абад иши боюнча сот 4-октябрга жылдырылды
27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жараян болбой калды. Буга сот процесси өтө турган залда аудио жана видео жаздыруу аппараттары иштебегени негиз болду. Мунун алдында сот отурумун ачык өткөрүүнү талап кылган шектүүлөр залдан чыгарылган. Кийинки процесс 4-октябрга дайындалды.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта...