Өзбекстан: Kompromatuzb иши менен камалган журналисттерге сот чечими чыкты
Өзбекстанда Kompromatuzb ишинин алкагында кармалган журналисттерге 26-сентябрда сот чечими чыкканын Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Ташкенттин Шайхантахур райондук соту Human.uz сайтынын негиздөөчүсү Хуршид Далиев менен "Өзбекнефтгаз" ишканасынын басма сөз катчысы Сиёвуш Хошимовду жети жылга кести.
Эмгек министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Мавжуда Мирзаевага үч жылдык, Ахмадулла Ахмаджановге беш жылдык эркиндигин чектөө жазасы берилди. Алар бул аралыкта өлкөдөн сыртка чыга албайт.