Косоводо куралчан топтун чабуулунан полиция кызматкери набыт болду
Косовонун Сербия менен чек арасына жакын жайгашкан Баньска айылында 30га чукул куралчан адамдын жекшембидеги чабуулунан полиция кызматкеринин өмүрү кыйылды.
Косовонун премьер-министри Албин Курти 24-сентябрда билдиргендей, коопсуздук жана аскердик кызматкерлеринин формасына окшош кийим кийген белгисиз адамдар негизинен сербдер басымдуулук кылган аймакка кирип келген жана полиция менен атыша кеткен.
Андан соң куралчан топ аймактагы серб православдарынын чиркөөсүн ээлеп алышкан. Жекшемби күнү...