SpaceX ракетасы 22 интернет-спутникти орбитага чыгарды
"Фалкон-9" ракетасы жекшембиде 22 интернет-спутникти космос мейкиндигине чыгарды. Бул тууралуу SpaceX компаниясынын адистери маалымдашты.
Интернет-спутниктер Америка космос күчтөрүнүн Флоридадагы базасынан ишембиде 23:38де учурулган. Болжолдуу бир сааттан кийин спутниктер орбитага чыгарылды.
Бул Starlink долбоорунун алкагында интернет-спутниктердин космос мейкиндигине 2019-жылы май айынан бери 110-жолу, быйыл жыл башынан бери 41-жолу чыгарылышы. Жалпысынан 5,1 миң спутник чыгарылса, айрымдары керектен чыгып...