"Баары кыргызча болсун". Кремлдин кабагын бүркөлткөн тил саясаты
“Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынганына быйыл 34 жыл болду. Бирок 1989-жылдан берки убакыт аралыгында эне тил мамлекеттин бардык чөйрөсүндө колдонулган орток, баарлашуу куралына айлана алган жок.
Кыргызстан ушул кезге чейин орус тилинин таасиринен чыга албай, маалымат, илим жана билим, технология жаатында көз каранды бойдон калып келет.
"Кыргыз тили илимдин тили болушу керек"
23-сентябрда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды тил майрамы менен куттуктады.
...