Өзбекстанда 70тен көп бала ууланган деген шек менен ооруканага түштү
22-сентябрда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Наманган облусунда ууланган деген шек менен ооруканага түшкөн балдардын абалы канааттандырарлык. Өздөрүн жакгы сезген он бала үйүнө чыгарылды.
«Райондук ооруканага жаткырылган балдардын баары белгиленген стандарттар боюнча дарылануудан өтүшөт. Диагнозду так аныктоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп жатат» - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Министрлик балдар эмнеден ууланганын тактаган жок. Социалдык тармактарда бала бакчанын...