Еврошаркет Косоводогу кризисти талкуулайт
Европа биримдигинин лидерлери Косоводогу кырдаалды талкуулаганы жатат. 1-июнда жергиликтүү сербдер кайрадан Зубин Поток жана Звечан шаарларында чогулушту.
29-майда ал аймактарда кагылышуулар болгон. Бул ирет мурдагы күндөргө караганда азыраак киши келди. Косоволук сербдер жакында шайланган мэрлердин иштөөсүнө каршы болууда. Алар добуш берүүнү бойкоттогон.
Молдовадагы саммитте Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррел Сербиянын жана Косовонун президенттери Александр Вучич жана Вьоса Османи менен маселени талкуулайт деп кутүлүүдө.