Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты ал өзү “Азаттыкка” ырастап, аны оозеки чакырышканын, колуна чакыруу тие электигин тактады.
Исаковго алгач Ички иштер министрлигинен байланышкан, кийин шаардык милициянын тергөөчүсү телефон чалган. Алар журналисттин интернетте тарап жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.
Журналист өзү кеп болуп жаткан видео азыркы президент тууралуу болушу мүмкүн деп болжоп жатат.