Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте жанкечтинин жардыруусунан каза болгондор саны 88ге жеткени 31-январда расмий кабарланды. Мамлекеттик органдар "Машал" радиосуна билдиргендей, каза болгондордун жана жараат алган 157 адамдын көбү күч түзүмдөрүндө иштегендер.
Негизинен полиция кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү барган суннилердин мечитиндеги кол салуу акыркы жылдардагы Пакистандын коопсуздук күчтөрүн бутага алган эң кандуу чабуулдардын бири болуп калды.
Премьер-министр Шахбаз Шариф кол салууну айыптап...