Москвадагы жол кырсыгында Кыргызстандын алты жараны жабыркады
Москва шаарынын Калуга шоссесинде катталган жол кырсыгында Кыргызстандын алты жараны ар кандай жараат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 16-мартта кабарлады. Маалыматка караганда 14-мартта экскурсиялык автобус жана кыргызстандыктар бараткан Volkswagen кичи автобусу кагылышкан. Жаракат алгандар Москва шаарынын медициналык мекемелерине жеткирилип, керектүү жардам көрсөтүлүүдө.
ТИМ бул маселе Орусиядагы элчиликтин көзөмөлүндө экенин билдирди.
Министрлик жабыркагандардын абалы жана кырсыктын себептерин тактаган жок.