Депутат Примов Орусия мигранттар боюнча ЕАЭБдин талаптарын аткарбай жатканын айтты
Парламенттин депутаты Улан Примов Орусия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ичинде берилген эркиндиктерди, анын ичинде өзгөчө мигранттардын эркин жүрүшү боюнча талаптарды аткарбай жатканын билдирди.
Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин 26-январдагы жыйынында айтты. Депутат акыркы жылдары Орусияда жүргөн мигранттарга талаптар утур-утур күчөтүлүп жатканын, Кыргызстан менен Орусия бир экономикалык биримдикте болгондуктан...