Трамп Иран менен соода алака кылган мамлекеттерге 25% бажы төлөмүн киргизди
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен соода алака жүргүзгөн мамлекеттерге 25 пайыздык бажы төлөмү киргизилгенин жарыялады.
"Бүгүндөн тартып Иран Ислам Республикасы менен бизнес жүргүзгөн кайсы мамлекет болбосун АКШ менен бардык ишкердик операцияларынан 25% өлчөмүндө бажы төлөмүн төлөйт. Бул буйрук акыркы жана аткарууга милдеттүү", – деп жазды ал өзүнүн Truth Social тармагына.
Bloomberg агенттиги жазгандай, мындай чара АКШнын негизги дүйнөлүк соода мамилесине таасир этиши мүмкүн. Анткени Американын кошуналары гана эмес...