Президент Жапаров Элдик курултай өтчү күндү өзгөрттү
Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайды өткөрүү тууралуу жарлыгына өзгөртүү киргизди. Ага ылайык курултай буга чейин белгиленгендей 22-декабрда эмес, 25-декабрда өтөт. Ага 700 делегат катышат.
2024-жылы үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтүп, ага 698 делегат катышкан. Алардын 539у эркектер, 161и аялдар жана 61 делегат Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү болгон. Андан тышкары 30 делегат Орусиядан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан...