Монголиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Бишкекке мамлекеттик сапар менен келди. Кыргыз президентинин администрациясы кабарлагандай, Монголиянын лидерин "Манас" эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Буга чейин айтылгандай, сапардын алкагында салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган. Эки жактуу кызматташтыкты...