Иран Израилге каршы ири чалгын операциясы ишке ашканын жарыялады
Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Израилге каршы "ири чалгын операциясы" ишке ашырылганын 7-июнда кабарлашты. "Израилдин ыктымал өзөктүк долбоорлору жана объектилери" тууралуу миңдеген документ чогултулганы, сөз "өтө көп сандагы стратегиялык жана жашыруун маалыматтар, документтер жөнүндө" болуп жатканы, анын баарын талдап чыкканга өзүнчө убакыт талап кылынары маалымдалды.
Өткөн айда Израил 24-25 жаштагы эки жараны кармалганын, алар Ирандын пайдасына тыңчылык кылган деп шектелип жатканын билдирген.