Саудия ажылыкты тейлеген дарыгерлерди үч эсе көбөйттү, күндүн ысышы 40 градустан ашты
Ажылык зыяратка баргандардын саламаттыгына кам көрүү максатында Сауд Арабиясы ошол аймактагы саламаттык сактоо мекемелеринде орундарды көбөйтүп, тейлеген медицина кызматкерлерин үч эсе көбөйттү. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахад бин Абдулрахман ал-Жалажел билдирди.
Бул күндөрү дүйнө мусулмандары үчүн ыйык деп эсептелген Арафат тоосунда 1,5 миллиондон ашуун киши ажылык ибадатын өтөп жатат.
Арафат тоосу Меккеден 25 чакырым аралыкта жайгашкан, анын бийиктиги 70 метрдин тегерегинде.