Садык Шер-Нияз трак айдаган кыргызстандыктар Францияда маңзат менен кармалганын билдирди
Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз жүк ташыган машина айдаган кыргызстандык жарандар бул өлкөдө маңзат соодасына шек саналып кармалганын билдирди. 2-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында отчет берип жатып, чет өлкөлөрдө кылмышка барган жарандардан улам тынчсыздануусун айтты.
"Кыргызстандан Европага барып иштеген айдоочуларга байланыштуу Францияда маңзат ташуу боюнча эки маселе болду. Негизги булак Литва болуп жатат. Ошол жерде...