Көз карандысыз “Марал” радиосу жабылганы кабарланды
Кыргызстандагы көз карандысыз “Марал” радиосу жабылганы кабарланды. “Марал” - радио, ТВ жана сайт болуп мултимедиалык багытта иш алып барган улуттук медиа бренд катары иштеп келаткан.
Ал жалаң кыргыз тилиндеги программа, уктуруулары аркылуу дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды ыкчам чагылдырып, талылуу маселелер боюнча түз эфирде талкууларды уюштуруп, коомдук-саясий темаларды берип турган.
“Марал ТВ” теле-радио берүү компаниясы 2010-жылдын 20-сентябрында юридикалык каттоодон өткөн. 2011-жылдын...