Новости Москвы
TITLE

Москвада сот ММУнун аспирантын мартка чейин камакта калтырды

Москванын соту Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинин аспиранты Азат Мифтаховду 7-мартка чейин тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Ал Балашиха шаарындагы “Бирдиктүү Орусия” партиясынын кеңсесине өрт коюуга аралашкан деп шектелип жатат. 2018-жылдын январында белгисиз бирөөлөр партиянын кеңсесинин терезесин талкалап, ичине күйүп жаткан шамды ыргытышкан. 25 жаштагы Мифтахов коюлган айыпты четке кагып, аны үй камагына калтырууну соттон өтүндү. Партиянын кеңсине өрт коюу иши былтыр январда башталып, бирок шектүү адамдар аныкталбагандыктан токтотулган.






Заголовки

Заголовки