Тегеран, Дамаск жана Сириянын оппозициясы Орусия жана Түркиянын Идлиб боюнча планын кубаттады.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 18-сентябрда "Твиттердеги" баракчасына "Орусия, Түркия жана Иран ортосундагы ыкчам, жоопкерчиликтүү дипломатия Идлибдеги согушту болтурбоодо жана экстремисттик террор менен чечкиндүү күрөштө өз жемишин берди" деп жазды.
17-сентябрда Түркия жана Орусия президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путиндин Сочидеги сүйлөшүүлөрү Сириянын Идлиб провинциясы...