Украинанын мурдагы президенти, мамлекеттик чыккынчылык үчүн айыпталып жаткан Петро Порошенко дүйшөмбүдө Варшавадан мекенине кайтып барды. Декабрдан бери сыртта жүргөн саясатчы эч кандай күнөөсү жоктугун, бул иштин артында саясат турганын айтууда. Аны Киев аэропортунда жүздөгөн тарапкери тосуп алды.
56 жаштагы мурдагы мамлекет башчы, Жогорку раданын (парламент) депутаты, оппозициядагы “Европа тилектештиги” партиясынын лидери жогорку кызматта турган "2014-15-жылдары көмүр сатуу менен чыккынчылыкка барган" деп шектелүүдө.