Российский суд обязал конфисковать почти полмиллиарда долларов у JPMorgan
Подмосковные травматологи спасли 77-летнего мужчину, почти сломавшего протез тазобедренного сустава
Производственный комплекс построят на севере Москвы
«Метражи»: Кадастровые работы в вопросах и ответах
Пакистанда шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөндөр чабуулга кабылды
Пакистандын түндүк-батышында шал илдетине каршы эмдөө өнөктүгүн жүргүзгөндөрдү коштоп жүргөн полиция кызматкерин белгисиз бирөөлөр атып кетти.
Окуя Хайбер-Пахтунхва провинциясынын баш калаасы Пешаварга жакын жерде болгон. Медициналык кызматкерлерден эч ким жабыркаган эмес. Жергиликтүү полиция окуя боюнча иликтөө башталганын кабарлады.
Чабуул үчүн дароо жоопкерчиликти эч ким өз мойнуна алган жок. Адатта шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөндөргө «Ал-Каида» экстремисттик тобуна байланыштуу согушкерлер кол салып келишет.