Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевге карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу сурак берип чыкты.
Бул тууралуу депутат 13-апрелде журналист Али Токтакунов менен интервьюсунда билдирди.
"Эч жакка айта элек элем. 15 күн мурда дагы УКМКга күбө катары суракка чакырышты. Мен суракка бардым. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу деп кол коюп бердим. Абдил Сегизбаевдин иши боюнча. "Ушуга көрсөтмө бересизби, убагында ушинттиңиз эле" дешти.