Эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюму Евробиримдикти 23-январда өткөн акцияларда «50дөй журналисттин кармалганына» байланыштуу орус аткаминерлерине санкция киргизүүгө чакырды.
Парижде жайгашкан уюм 26-январда тараткан билдирүүсүндө Орусиядагы митингдерди чагылдырган кабарчылар «болуп көрбөгөндөй куугунтукка» кабылганын белгилейт.
«Полиция айрым маалымат каражаттарын атайылап куугунтуктап, кээ бир журналисттер тартып алган видеолорду өчүрүш үчүн жеке батирлерге чейин кирип барды», - деди «Чек...