Өзбекстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу Жол кайгуул жана коомдук тартипти сактоо башкармалыгында иштеген кызматкерлердин айлыктары 30-40% кыскартылды. Бул тууралуу Фергана, Ташкент жана Хорезм облустарындагы ички иштер башкармалыктардын кызматкерлери билдиришти.
Фергана облусундагы Беш-Арык райондук ИИБнүн кызматкери айлык акы менен кошумча төлөмдөрдү кошуп эсептегенде 50% кыскартылганын айтты.
Карантин маалында Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттигинин, Маданият жана туризм министрлигине...