Легойда упрекнул МВД Эстонии в навязывании церкви политических взглядов
В Молдавии создание блока оппозиционных сил квалифицировали как госизмену
Mash: москвич в Сочи на несколько минут захватил самолет «России»
Батукаев иши: Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү
Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөттү. Бул тууралуу 30-ноябрда «Азаттыкка» мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, Атамбаевди үй камагына чыгаруу же абакта калтыруу маселеси райондук соттун биринчи отурумунда каралат.
«Биз Жогорку соттон төмөнкү инстанциядагы соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранганбыз.