ЕС разработал план по использованию доходов от замороженных активов России
«Кино закончилось»: девушка Гуфа отреагировала на планы рэпера больше никогда не жениться
Баскетболистки Хакасии побывали на Международной выставке-форуме «Россия»
Капитальный ремонт дома с балюстрадой завершился на севере Москвы
Жогорку сотто Батукаев боюнча иш каралууда
Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу отурум өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.