Росимущество со второй попытки продало «Росспиртпром» за 8,3 миллиарда рублей
В Раменском прошел финальный отбор на всероссийский турнир по бадминтону
«Вакуум легитимности» Зеленского как способ обнулить победу в СВО
Добавим флера: зачем шефы используют цветы в еде
Өзгөндө өспүрүм башына тийген октон каза тапты
Оштун Өзгөн районунда 14 жаштагы өспүрүм башына тийген октон каза болду. Кырсык аталган райондун Ийри-Суу айылында болгон. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Маалыматка караганда, 20-мартта 12 жаштагы жана 14 жаштагы бир туугандар үйдөгү аңчылык курал менен ойноп жатып иниси агасын башына атып алган. Өспүрүм ооруканага жетпей көз жумган.
Бул окуядан кийин Өзгөн райоундук ички иштер бөлүмү үйдөгү курал жана ок дарылардын сакталышынын мыйзамдуулугун текшерип жатат.