Круглый стол «Новые медиа: преемственность и новаторство»
В «Яндекс Картах» обновили режим парковки - с напоминаниями, отслеживанием статуса и не только
Президент РФ Владимир Путин поручил проработать предложения по развитию города Торжка в Тверской области
Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о введении инвестстандарта в новых регионах России
Белгилүү укук коргоочу Василя Иноятова көз жумду
19-майга караган түнү Ташкентте белгилүү укук коргоочу Василя Иноятова 62 жаш курагында көз жумду. Ал көп жылдардан бери “Эзгулик” укук коргоо уюмун жетектеп келген. “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, укук коргоочу ички кан айлануусуна байланыштуу операциядан кийин өзүнө келген эмес.
Иноятова акыркы жылдары саясий туткундардын укугун коргоо менен алектенчү. Ал саясий жүйө менен камалган оппозициялык саясатчыларга, активисттерге жана журналисттерге юридикалык жардам көрсөтүп, ден соолугу начарлаганына карабай өзбек түрмөлөрүн кыдырчу.