Мультфильмы на родном языке создают школьники в якутском селе Кэптэни
Источник «360»: в Москве половой орган подростка застрял в машинке для ногтей
Собянин объявил о запуске нового направления в «Московской технической школе»
Екатеринбургда цирктеги пил бошонуп, көчө аралап кеткен
Аны машинеге жүктөө учурунда бошоп кетип, бир нече мүнөт көчө аралап жүргөн. Карга оонап жаткан пилдин видеосун жергиликтүү тургундар соцтармактарга жарыялашкан. Алардын биринде көчөдө карга оонап жаткан пилди дрессировщик менен жол кыймыл коопсуздугун камсыздоочу кызматкер токтотууга аракет кылганын көрүүгө болот. Дагы бир тасмада пилди турак үйлөрдүн жанынан кармап, таяк менен сабап алып кетип жатышканы тартылган.
Екатеринбург циркинин маалыматына караганда, 45 жаштагы Карла аттуу пил италиялык циркке таандык.