Стамбулдагы "Сабиха Гөкчен" аэропортунда 70тей кыргызстандык жүргүнчү мекенине уча албай турат. Бул тууралуу "Азатыкка" жүргүнчүлөрдүн бири Ханзада Асаналиева билдирди.
- Биз 13-октябрда Бишкекке кетмекпиз. Дагы деле уча элекбиз. Отуздай киши мейманкаларга кетти. 40тай адам учурда "Сабиха Гөкчен" аеропортунда отурабыз. Түнү отургучтарда уктадык. Абдан суук болуп үшүдүк. Бизге эч кандай түшүндүрмө бериле элек.
Кыргызстанга кете албай жаткан жүргүнчүлөрдүн дээрлик көбү Анталия шаарында туристтик сезондо иштеп кайткан эмгек мигранттары.