Баткен облусундагы Аксай айыл аймагын аралап өткөн Тажикстандын Ворух-Исфара жолундагы чатак боюнча милиция түшүндүрмө берди.
Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 4-июнда Аксай айылынын 36 жаштагы тургуну аталган жолдо «Камаз» жүк ташуучу автоунаасы менен баратканда, күмүш түстөгү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жеңил машине артынан келип, аны кысып өтүп кеткен. «Камаздын» айдоочусу «Мерседеске» таш ыргытып, айнегин талкалаган. Баткен райондук милициясы окуянын чоо-жайын аныктап...