Медиа: Тажикстандан ондогон ооган мигранты депортация болушу мүмкүн
Ооганстандын маалымат каражаттары оогандык ондогон жаран, анын ичинде качкын макамы бар кишилер Тажикстандан депортацияланышы мүмкүн экенин билдиришти. Afghanistan International телеканалы 4-майда видео жарыялап, мигранттарды өлкөдөн чыгаруу учуру тартылганын маалымдады.
Телеканал Ооганстандын 250 жараны Согд облусунун Жаббор-Расул районунан Душанбеге алынып барганын, андан ары депортацияланышы ыктымал экенин кабарлады.
Медианын булагы айтып бергендей, айрым кишилердин колунда БУУнун качкындар боюнча мекемеси берген күбөлүктөрү бар.