В Петербурге вернули герб СССР на фасад Дома текстилей
Врач МОЦОМД рассказала, что чрезмерное назначение лекарств несет угрозу здоровью
Башур Асадов назначен на пост главного тренера ПФК ЦСКА Москва
Россия близка к соглашению с новыми властями Сирии о сохранении двух своих военных баз, — Bloomberg
Сирияда убактылуу өкмөттүн башына Мухаммед ал-Башир дайындалганы кабарланды
Сириянын козголоңчулары убактылуу өкмөттүн башына Мухаммед ал-Баширди дайындашты. Ал өткөөл өкмөттү 1-мартка чейин жетектерин Сириянын мамлекеттик медиасы 10-декабрда билдирди. Бул маалыматты бир нече дүйнөлүк агенттиктер менен телеканалдар басып чыгарышты.
Маалыматка караганда, ал-Башир 1983-жылы Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында туулган. Быйыл январда өлкөнүн ал бөлүгүн көзөмөлдөгөн козголоңчулардын «Сирияны куткаруу өкмөтүн» жетектеп баштаган. Ага чейин ошол өкмөттө өнүгүү жана гуманитардык маселелер министри болгон.