“Кемпир-Абадды коргоо комитети” бул иш боюнча камалып, азыр ооруп жаткан аялдарды, саясатчылар Азимбек Бекназаровду, Равшан Жээнбековду, Мамбетжунус Абыловду жана активист Таалайбек Мадаминовду ооруканага чыгарууну талап кылды. Бул тууралуу кат комитеттин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
“Кемпир-Абадды коргоп камакта жаткандар, саясий туткундар Жогорку Кеңештин төрагасына, адам укуктары боюнча түзүлгөн комиссиянын төрайымы Гуля Кожокуловага, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылып...