Порядка 300 бригад и 290 единиц техники ГУП «Мосводосток» дежурят на улицах города
День подснежника и День полиграфии: какие праздники отмечают в России и мире 19 апреля
Право штрафовать по камерам намерены передать региональным властям
Бастрыкин запросил доклад по делу о нападении на журналистов в Москве
Пакистанда мечиттеги жардырууда 70 киши жараат алды
Пакистандын Пешавар шаарында 30-январда көп адам намазга чогулган мечитте жардыруу болду. Полициянын расмий өкүлү Искандар Хан имараттын бир бөлүгү урап, анын астында бир нече адам калганы болжолдонуп жатканын айтты.
Пешавардагы "Леди Рединг" ооруканасынын басма сөз катчысы Мохаммад Асим 70 киши жараат алганын, айрымдарынын абалы оор экенин билдирди.
Жардырууга азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.
Өлкөдө бийлик менен “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын ортосунда тиреш күчөп, түрдүү чабуулдар болуп жатат.