Республикалык спорттук коллеждин директору Айбек Ташматов камалды
Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллеждин директору Айбек Ташматов 15-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечимди 19-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын “Азаттыкка” мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы берген.
Айбек Ташматовго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.
Ал 5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин...